Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана ысырап кылуу фактысынын алкагында «А.М.К» турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасында жана Бишкек шаарынын мэриясында борбор калаанын жолун оңдоо иштерине карата мамлекеттик сатып алуулар учурунда коррупциялык схема түзүлгөн.
2015-жылдан 2019-жылга чейинки аралыгында «A.M.K.» компаниясы тарабынан 100 миллион сомдон ашуун суммадагы муниципалдык буйрутмалар берилген. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы өз убагында каржылоо болгондугуна карабастан компаниялар жүргүзүп жаткан жумуштар толугу менен аягына чыккан эмес.
2020-жылдын 29-декабрында сотко чейинки процесстин алкагында «A.M.K.» кармалып, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда Бишкек шаарынын мэриясынын каржылоо жана пайдаланылышын көзөмөлдөө боюнча жооптуу башка кызмат адамдары, ошондой эле ушул коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар иликтенүүдө.