7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарынын жаңы м.а мэри Айбек Жунушалиев тууралуу

4787

АйбекЖунушалиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп бүгүн, 12-августта дайындалды.  Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Жунушалиев Айбек Жанышбекович — 1976-жылы 6-июлда Чүй облусунун Кегети айылында төрөлгөн, 45 жашта.  Кыргыз Улукттук Унивеситетинен юридика факультетинен билим алган.

  • Алгачкы эмгек жолун Ж.Баласагын атындагы КУУ менен Чүй Университетинде укук таануу сабагынан мугалим болуу менен баштаган.
  • Кийинчерээк Чүй облустук администрациясында социалдык өнүгүү бөлүмүн жетектеген.
  • 2007- жылдан тарта Өкмөттүн жана Президенттин Аппаратында иштеген.
  • 2015- жылы  Эмгек, миграция жана жаштар министринин стат-катчысы болуп дайындалып, андан соң Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болгон.
  • 2021-жылдын февралынан тартып, Өкмөттүк Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, май айынан тартып Министрлер кабинетинин биринчи орун басары болчу.
  • 2021-жылдын 12-августунан тартып, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматына киришти.

Эске сала кеткек, Бишкек шаарынын мэрин эски мыйзам боюнча, жаңы шайланып келген Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары шайлайт. Шайлоо 26-августка дайындалган. Ага чейин болгону 14-күн калгандыгына карабай, бүгүн жаңы мэрдин милдетин аткаруучу дайындалып олтурат.

Баса, мурдагы мэрдин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашев, дайындалганына 10 күн болбой кызматтан өз ыктыяры менен иштен кеткенин жарыялады. 

Кечээ, ал Президенттин Аппарат башчысы Бактыбек Кудайбергенов менен жолуккан жана шаардагы көйгөйлөр боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү деп маалымдалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4788