АйбекЖунушалиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп бүгүн, 12-августта дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
Жунушалиев Айбек Жанышбекович — 1976-жылы 6-июлда Чүй облусунун Кегети айылында төрөлгөн, 45 жашта. Кыргыз Улукттук Унивеситетинен юридика факультетинен билим алган.
- Алгачкы эмгек жолун Ж.Баласагын атындагы КУУ менен Чүй Университетинде укук таануу сабагынан мугалим болуу менен баштаган.
- Кийинчерээк Чүй облустук администрациясында социалдык өнүгүү бөлүмүн жетектеген.
- 2007- жылдан тарта Өкмөттүн жана Президенттин Аппаратында иштеген.
- 2015- жылы Эмгек, миграция жана жаштар министринин стат-катчысы болуп дайындалып, андан соң Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болгон.
- 2021-жылдын февралынан тартып, Өкмөттүк Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, май айынан тартып Министрлер кабинетинин биринчи орун басары болчу.
- 2021-жылдын 12-августунан тартып, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматына киришти.
Эске сала кеткек, Бишкек шаарынын мэрин эски мыйзам боюнча, жаңы шайланып келген Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары шайлайт. Шайлоо 26-августка дайындалган. Ага чейин болгону 14-күн калгандыгына карабай, бүгүн жаңы мэрдин милдетин аткаруучу дайындалып олтурат.
Баса, мурдагы мэрдин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашев, дайындалганына 10 күн болбой кызматтан өз ыктыяры менен иштен кеткенин жарыялады.
Кечээ, ал Президенттин Аппарат башчысы Бактыбек Кудайбергенов менен жолуккан жана шаардагы көйгөйлөр боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү деп маалымдалган.