7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Циркте жаңы жылдык шоу көрсөтүлдү (ФОТО)

229

2025-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында, А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркте реабилитациялык борборлордун, атайын мектептердин жана бала бакчалардын балдары үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өттү.

Жаш конокторду Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева куттуктап, балдарга чың ден соолук, жакшы маанай, кубаныч, күлкү жана эң асыл тилектеринин орундалышын каалады.

Бишкектик балдар үчүн цирктин чыгармачыл жамааты даярдаган «Жалындаган атты издеп» аттуу жаңы жылдык шоу көрсөтүлдү.

Майрамдык иш-чарага 12 атайын бала бакчанын, 3 жардамчы мектептин, 2 балдарга жардам көрсөтүү борборунун, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иш алып барган 32 уюмдун өкүлдөрү катышты. Ошондой эле социалдык жактан жеңилдетилген категориядагы үй-бүлөлөрдүн балдары да чакырылган.

Иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга жаңы жылдык белектер тапшырылды.

230