7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек ЖЭБге көмүр ташылып келе баштады

156

Күн мурун «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Балыкчы шаарындагы автоколоннасы Бишкек ЖЭБине көмүр ташып келүү үчүн Кара-Кече көмүр кенине жөнөп кетти. Учурда техника Кара-Кечедеги унаа токтоочу жайга келип, жүктөө иштерин баштоого даярдык көрүшүүдө.

Республиканын кендеринен көмүрдү үзгүлтүксүз ташуу Бишкек ЖЭБин алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилине өз убагында даярдоого жана борбор калаанын жашоочуларын туруктуу жылуулук менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы өлкөнүн отун-энергетикалык коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик милдеттерди аткарууну улантууда.

157