«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин алдындагы курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба Мамлекеттик архитектура агенттигинин жана «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин айрым кызмат адамдары тарабынан туруктуу коррупциялык схеманы уюштурулган.
Такталгандай, аталган жооптуу кызматкерлер тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерин берүү боюнча оң чечим чыгарганы үчүн ири суммадагы акчанын пара түрүндө алууну такай уюштуруп келишкендиги аныкталды.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын райондорунун биринин башкы архитектору «Д.Ш.С.» кармалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран мыйзамсыз иштери кылгандыгы боюнча маалыматтар алынып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жогорку кызматтагы адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралары көрүлүүдө.