7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шектүү интимдик сүрөт, видеолоруңду таратам деп аялды коркутуп, акча алып жүргөн

493

Компроматтарды таратам деп коркутуу менен дайыма акча каражатын талап кылып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-февралда милицияга борбор калаанын тургуну (аял киши) кайрылып, акча талап кылып жаткан адамга карата чара көрүүнү суранган.

Тактап айтканда, белгилүү бир адам, интимдик мүнөздөгү видео жана фотосүрөттөр камтылган компроматтарды таратам деп коркутуу менен дайыма акча каражатын талап кылып, 140 миң сомго жакын акча каражатын буга чейин бөлүп алып койгондугу көрсөтүлгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмү «Опузалап талап кылуу» менен кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 3-мартында Бишкек шаарынын Шевченко көчөсүндөгү ижарага берилген батирлердин биринен 10 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кылмышка шектүү адам кармалган.

Кылмышка шектүү жаранга карата өздүк тинтүү жүргүзүү учурунда белгисиз үлгүдөгү тапанча жана ыкчам топтун кызматкери деп көрсөтүлгөн түшүнүксүз ЖЧКнын (жоопкерчилиги чектелген коомдун) күбөлүгү табылып алынган.

Кармалган жарандын өздүгүн тактоодо, ал мурда уурулук, мал урдоо жана каракчылык кылмыш иштерин жасагандыгы үчүн соттолгон, 1995-жылы Ысык-Көл облусунда туулган Р.Д. аттуу жаран экендиги аныкталган.

Учурда аталган кылмыш фактысы боюнча тергөө иштери улантылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

494