7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салымбеков: “Салык саясатын колдоп, экономиканын өнүгүшүнө өз салымыбызды кошолу”

535

ККМ жана ЭТТНди(ЭТТК) киргизүү биздин экономиканын өнүгүшүндө маанилүү ролду ойнойт.

Салык кызматы тарабынан ККМ жана этн (электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар) киргизилген экономикалык процесстерди санариптештирүүнүн маанилүү этаптарын ишке ашыруу азыркы этапта аны өнүктүрүүдө чечүүчү ролду ойнойт. Бул тууралуу «Дордой Дыйкан» соода-базар комплексинин жетекчиси Эркин Салымбеков социалдык тармартардан билдирди.

«Бардык өнүккөн өлкөлөрдө ККМ жана ЭТТНы колдонуу оң жактарын гана көрсөтүп, экономикалык өнүгүүнүн темпин жогорку деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берди. Муну менен катар эле эмгек акы, пенсия жана жөлөк пулду жогорулатууга багытталган салык жыйымдары да көбөйдү»,-деди ал.

Тактап айтканда, ал бүгүнкү күндө Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүүсү позитивдүү динамикага ээ экендигин баса белгилеп, Республиканын жетекчилиги биринчи жолу мугалимдерге, аскер кызматкерлерине жана башка бюджет кызматкерлерине өзгөчө көңүл буруп,эмгек акыларын көбөйткөнүн айтты.

 «Бардык ишкерлерди Президенттин жана өкмөттүн саясатын колдоого чакырам, биз заман талабына шайкеш келип, башка мамлекеттерден артта калбашыбыз керек. Экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн ар бир адам ата мекендик экономиканын өнүгүшүнө өз салымын кошуп, өз өлкөсүн колдоого тийиш», — деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

536