7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстан Бишкеке 1-июлдан тарта газ менен иштеген жаңы автобустарды алып келет

1469

Бүгүн, борбор калаанын мэриясынын жыйындар залында, Бишкек шаардык мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы менен «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

Меморандумга ылайык, Эко жүргүнчүлөрдү ташуу компаниясы бир жыл ичинде газ менен иштөөчү 350 автобусту, Бишкек шаарынын элин тейлөөгө алып келет. Компания Өзбекстанда өндүрүлгөн ISUZU жапон үгүсүндөгү экологиялык автобустардын биринчи партиясын, 1-июлда ишке киргизүүнү убада кылды.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, коомдук тарнспорттордун газга өтүүсү, шаардын абасын таза сактоого чоң салым кошот деп белгилейт.

Белгилей кетсек, 2022-2023-жылдар аралыгында Эко жүргүнчүлөрдү ташуу компаниясы газ менен жүрүүчү автобустардын санын 1000 даанага жеткирүүнү пландаштырууда, анын ичинде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөргө ылайыкташтырылган 9, 10, 12 метрлик автобустар да бар.

Эске салсак, бир ай мурун Кыргыз бийлиги Өзбекстандын ишкер чөйрөсү менен таанышууга барган. Иш чапардын натыйжасында Бишкек шаарынын мэриясы Самарканддагы автомобиль заводу менен келишимге кол коюуга жетишкен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1470