Бүгүн, 11-май күнү Кара-Кулжада бир нече айылдарда турак үйлөрдүн короо жайын сел каптады. Кара-Кочкор айыл аймагына караштуу Сары-Булак айылынын кооптуу аймактарында жашаган тургундар убактылуу Сары-Булак балдар бакчасына көчүрүлдү.
ӨКМ билдирген маалыматка ылайык саат 05:20 чамасында жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары “Жаны-Монол” жана “Эски Монол” каналдарынан ашып, аталган айылдарда жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун каптаган жана Мырзаке-Кара-Кулжа–Алайку унаа жолунун 10-17-20-чакырым аралыктарын кум шагылга толтурган, унаалар кыйынчылык менен өттүдө.
Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-65-чакырым аралыктарында, кокту колоттордон таш аралаш сел суулары жүрүп унаа жолду жабып калган.
Тузүлгөн кырдаал менен жеринен таанышкан Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов селдин алдын-алуу үчүн тапшырмалар ишке айпаганын айтып, бир катар жетекчилерге эскертүү берди.
Учурдаселдин кесепеттерин жоюу, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку жолун ачуу жана тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.