Бишкек шаарынын башкы архитектору алмашты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Түлөбердиев Асхат Темирбекович «Бишкекглавархитектура» муниципалдык ишканасынын башчысы кызматынан бошотулду. Бул кызматка Жороев Марат Токторбаевич дайындалды. Буга чейин ал «Бишкекглавархитектура» ЖКнын башчысынын орун басары кызматын аркалап келген», — деп жазылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, Жаманбалин Азамат Жолдубаевич «Бишкекглавархитектура» ЖКнын башчысынын орун басары болуп дайындалды.
Кадрдык өзгөрүүлөр жөнүндө буйруктарга мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол