2-мартта ИИМдин Тергөө кызматына Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринде Бангладештин жарандарын жергиликтүү бир тургун мыйзамсыз кулчулукта кармап, зордук-зомбулук көрсөтүп, коркутуп, уруп тигүү цехинде иштетип жүргөнү үчүн мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Жогорудагы факты 2-мартта ИИМге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Тергөөгө чейинки текшерүү ишинин жүрүшүндө Бангладештин жарандары котормочунун катышуусунда суралды жана Бангладеш Республикасынын 14 жараны Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда жайгашкан үйдүн короосуна салынган тигүү цехинде иштеп, жашап жаткандыгы аныкталган. Жогорудагы тигүү цехинде “Али и Агзама” жоопкерчилиги чектелген коом менен келишим аркылуу иштешкен жана Кыргызстандын аймагында иштөөгө уруксат документтери болгон.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө Бангладештин жарандары келишимдин негизинде иштеп жүрүшкөндүгүн билдиришкен. Аларга карата эч кандай зордук-зомбулук көрсөтпөгөндүгүн, коркутуп, урбагандыгын, алар өз ыктыярлары менен тигүү цехинде иштешип, жашап, ошол жерден тамак жасап жешкендигин, өз убагында иштеген жумушу боюнча айлык маяналарын алып жүрүшкөндүгүн билдиришкен. Арызда каралган дооматтарды тактоо максатында Бангладеш Республикасынын жарандары, тергөө кызматына алып келинип, денелеринде күч колдонуудан же башка нерседен алган жаракаттары бар же жогун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, котормочунун катышуусунда алар күбө катарында көрсөтмөлөрү алынган. Бүгүнкү күндө Бангладештин 14 жаранына карата дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундулары даяр боло элек. Учурда Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан териштирүү иштери улантылууда.