7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекке дагы 35 жаңы автобус келди

558

Бишкек шаарына 500 автобустун алгачкы 35 даанасы келди. Автобустар бир ай ичинде толук келип бүтөт. Бул тууралуу Мэриядан билдирди.

Былтыр президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында аталган өлкөдөн газ менен жүрүүчү 1000 автобус сатып алуу боюнча чечим кабыл алынган. Келишимге ылайык, өткөн жылы жарымы келген, быйыл жарымы жеткирилет.

Автобустар толук келип бүтсө, борбор шаардагы коомдук транспортттун иши сезилерлик жакшырат. Шаардын ичиндеги кичи маршруттук тейлеген каттамдар автобустарга алмаштырылат. Андан тышкары, коомдук транспорттун бул түрү газ менен жүргөндүктөн, маселенин экологиялык өңүтү да бар. Дизель отуну менен жүргөн миңден ашык кичи маршруттук каттамдар шаардын сыртына чыгарылат.

Ошондой эле калаа бийлиги быйыл “Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы” тарабынан каржыланган долбоордун алкагында газ менен жүрүүчү 124 автобус алган. Алар учурда шаарда каттап жатат. Аталган долбоордун негизинде жалпысынан 250 автобус алынат. “Азия өнүктүрүү банкынын” долбоору алкагында 120 электробус алуу мерчемделген.

Бул жумуштар шаардын коомдук транспорт, унаа тыгыны көйгөйүн чечүү максатында жана шаардын транспорттук инфратүзүмүн жакшыртуу үчүн жасалууда.

559