7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин басма сөз катчысы чиновниктерге катуу эскертүү берди

496

Президенттин жарлыгын аткарбаган чиновниктерге эскертүү берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

«Урматтуу министрлер, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү!

Айрымдарыңыздар мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жарлыгын буйтап, аны аткарбай коюунун айласын көрүп жатканыңыздар тууралуу маалыматтар бар. Кеп — үстүбүздөгү жылдын 30-январында президент Садыр Жапаров кол койгон “Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар” жөнүндөгү жарлыгы тууралуу болууда. Бул жарлыкка ылайык, жер-жерлерде жер тилкелери жарандарга ипотека менен турак жай куруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлүп бериш керек болчу. Бирок учурда белгиленген жерлерди ал компанияга бербөөнүн айласын издеп “бул жерлер мурда эле жеке менчикке берилип кетиптир” деген шылтоо менен документтерди жасалмалай коюп жеке жактарга өткөрүп ийүү, же өзүңөрдө калтырып калууга аракет көрүү фактылары аныкталууда.

Министрлерге, өлкөбүздүн облус жетекчилерине, райондордун акимдери жана шаарлардын мэрлерине эскертүү: Ар бириңиздер президент Садыр Жапаровдун айтылып жаткан жарлыгын бир айлык мөөнөттө аткарбасаңыздар ээлеген кызматыңардан бошотуласыздар. Ал үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания менен байланышып, иш алып барыңыздар. Мамлекеттик ипотекалык компания өзү дагы бул багытта иш алып барууда. Бирок мында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өзүлөрү биринчи кезекте өз аймактарында калкты турак жай менен камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясатты илгерилетүүгө кызыкдар болушу кажет», — деп билдирет Алагөзов.

497