7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жүк ташуучу унааларга узак мөөнөттүү чектөө киргизилет

452

Бишкек шаарынын мэриясы оор жүк ташуучу унаалардын шаар ичиндеги жолдо жүрүү кыймылына убактылуу чектөө киргизет.

Чектөөлөр жол коопсуздугун камсыздоо, жолдун сапатын сактоо жана эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу максатында киргизилүүдө. Мындай чектөө чаралары 5-апрелден 1-октябрга чейин, саат 7:00дөн 21:00гө чейинки аралыкта иштейт. Бул мезгил ичинде максималдуу массасы 18 тоннадан ашык жүк менен жүрүүгө уруксат берилген жүк ташуучу автомобилдер муниципалдык жолдо жүрүүсүнө тыюу салынат.

Убактылуу чектөө механизми оор жүк ташыган төмөнкү унаалар үчүн колдонулбайт:

— гуманитардык жардам жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташыгандарга;
— Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан автомобиль жолдорун куруу, оңдоо боюнча иштерди аткаруу үчүн тартылгандарга;
— Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык тапшырыктын негизинде жүк ташып бара жаткандарга.

Аба ырайынын ысышы менен оор жүк ташуучу унаалар жолдогу асфальттын сапатын бузган учурлар көп кездешет. Шаардыктар тарабынан да оор жүк ташыган унааларга түнкүсүн гана жүрүүгө уруксат берүү талабы дайыма айтылып келген. 5-апрелге чейин Бишкек мэриясынын тийиштүү кызматтары жогоруда көрсөтүлгөн салмактагы оор жүк ташуучу унаалардын муниципалдык жолдо жүрүүсүнө тыюу салган жол белгилерин орнотуп чыгышат. Эрежеге баш ийбеген айдоочуларга 17,5 миң сом айып салынат, юридикалык тараптар 55 миң сом төлөйт.

 

453