7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

70 млн сомдук зыян. Ысык-Атада коррупциялык схема аныкталды

318

Мамкызматкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен улам, мамлекетке жалпысынан 70 млн 559 миң сомдук зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

2014-2015-жылдар аралыгында Люксембург, Новопокровка айыл өкмөттөрүнүн жана Ысык-Ата райондук мамкаттоо башкармалыгынын кызмат адамдары ЖЧКнын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алышып, мыйзамдын талаптарына ылайык келбеген соттун чечиминин негизинде Люксембург жана Новопокровка айылдарындагы айыл чарба багытындагы 10,9 га жерлерин мөөнөтсүз пайдаланууга аталган ЖЧКга мыйзамсыз берүү үчүн шарттарды түзүп беришкен.

Ошондой эле 2021-жылы мамкаттоо башкармалыгынын кызмат адамдары кылмыш аракеттерин улантышып, Ысык-Ата райондук сотунун кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө байланышы бар адамдар жана «А.Т.» ЖЧКнын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп, аталган ЖЧКнын кызыкчылыгын мыйзамсыз көздөө максатында алардан 75 миң доллар өлчөмүндө пара алышкан. Андан соң, Ысык-Ата райондук сотунун чечимин жасалмалоо жолу менен аталган жердин ичинен Люксембург айылындагы 1,9 га айыл чарба жерлерди максаттуу багытын “өндүрүш алдындагы жерлерге” өзгөртүү менен ЖЧКнын менчигине мыйзамсыз берип жиберишкен.

54 млн 417 миң сомдук 1,9 га жер мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарга пайдалануу үчүн мамлекеттин менчигине кайтарылды. Ал эми аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, Чүй облусу боюнча Тергөө башкармалыгына тапшырылды.

319