7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эрбол Султанбаев Беларустун спорт жана туризм министри менен кызматташтыкты талкуулады

500

Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларусь Республикасынын спорт жана туризм министри Сергей Ковальчук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу ТИМден билдирди.

Кыргызстан менен Беларустун туризм жана спорт жаатындагы кызматташтыкты, анын ичинде эки тараптуу келишимдерди актуалдаштыруу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, тажрыйба жана маалымат алмашуу аркылуу активдештирүүнүн жолдору талкууланды.

Элчи Эрбол Султанбаев Кыргызстандын туристтик потенциалы, өлкөдө спорт жана дене тарбия чөйрөлөрүн өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Тараптар бул багыттар боюнча конструктивдүү кызматташтыкты кеңейтүүгө өз ара даярдыгын жана кызыкдар экенин билдиришти.

 

 

501