Бишкекке бүгүн Европадан туристтер менен туристтик поезд келди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдирди.
Бул быйылкы жылдын эсебинен келген алгачкы туристтик поезд. Жалпысынан Австралия, Англия, Швейцария, Австрия жана Германиядан 50дөн ашуун турист келди.
Буга чейин Lernidee Erlebnisreisen GmbH туристтик компаниясынын өкүлдөрү «Кыргыз темир жолу» УК» ишканасына темир жол аркылуу өлкө ичинде саякаттоо үчүн Кыргызстанга туристтик турга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. «Кыргыз темир жолу» ишканасы коноктордун каалоосун эске алуу менен темир жол транспорту менен коопсуз жүрүүнү уюштурууга көмөк көрсөттү.
Туристтик поезд каттамы — Алматы – Балыкчы – Бишкек – Түркмөнстан, Ташкент – Түркмөнстан – Бишкек – Балыкчы – Алматы. Поезд 9 вагондон турат. Бул туристтик поезд 2022-2023-жылдары да келген.
Туристтер Ысык-Көл облусуна барышты, бүгүн алар Ала-Арча жаратылыш паркына жана Бишкек шаарын кыдырууну пландап жатышат.
Быйылкы жылы биринчи туристтик поезддин келиши Кыргызстандын популярдуу туристтик аймак катары маанилүүлүгүн көрсөтүп, туризм тармагындагы мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт.