Бишкекке 20 жаңы автобус келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, автобустун узундугу 10,5 метрди түзөт, ал газ кыймылдаткычы менен. Автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган, анын 26сы орундук, 1 орун мүмкүнчүлүгү чектелген адам үчүн орундук.
Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун буйругу менен автобустарды сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.
Белгилей кетсек, жакында борборго дагы 100 автобустун келүүсү күтүлүүдө.