Кыргызстандык Рамина Цой 2023-жылдагы кыз-келиндер арасындагы дүйнө чемпионатында калыстык кылат. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-июлдан 20-августка чейин Австралия менен Жаңы Зеландияда өтө турган кыз-келиндер арасындагы Дүйнө чемпиондугун тейлей турган калыстардын тизмесине кирди. Рамина Цой Борбордук Азия өлкөлөрүнөн жалгыз өкүл.
Жалпысынан 33 арбитр, 55 арбитр жардамчысы жана 19 VAR расмий видео жардамчылар ФИФАнын биринчи командасын түзөт.