Кытайдын «Golden Dragon» заводунан кезектеги 58 жаңы автобус Бишкекке келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, автобус 85 адамды ташууга ылайыкталган, анда 29 орундук жайгаштырылып, 2 орун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн каралган. Автобустар аз мобилдүү жарандар үчүн да, калган бардык жүргүнчүлөр үчүн да ыңгайлуу жүрүүнү камсыздайт. Автобустардын салондорунда видеобайкоо системасы орнотулган, бул сапар учурунда коопсуздук деңгээлин жогорулатат.
Мындан тышкары, жаңы автобустар контактсыз акы төлөө үчүн валидаторлор менен жабдылган, бул төлөм процессин жеңилдетет жана жүргүнчүлөрдүн убактысын үнөмдөйт.