Бишкектин коомдук транспортуна жол кире акыны 20 сомго чейин көтөрүү сунушталууда. Бул боюнча токтомду мэрия шаардык кеңештин кароосуна киргизди.
Маалыматка ылайык, троллейбус менен автобустун (менчик түрүнө карабастан) жол киреси кымбаттайт. Ал менен бирге «Тулпар» төлөм картасынын акысы дагы көтөрүлөт. Мектеп окуучулары үчүн карта — 430 сом, жалпы жүргүнчүлөр үчүн — 1 миң 200 сом болот.
Мэрия жаңы тариф шаардагы экологиялык абалды жакшыртып, жүргүнчүлөрдү ташуунун сапатын жогорулатарын билдирди.