7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекке жаңы үч эшиктүү автобустар келе жатат

404

Бишкек шаарына экологиялык жактан таза ISUZU үлгүсүндөгү жаңы автобустар келе жатат.

Бишкек шаарынын мэриясы түркиялык Isuzu өндүрүүчүсүнөн суюлтулган газ менен жүргөн жаңы заманбап автобустар келе жатканын билдирет.

Ошентип, жакынкы аралыкта бул маркадагы 68 даана автобустун келиши күтүлүүдө.

“Бүгүн 14 автобус келди, калган 54 даананы этап менен жеткирүү пландалууда. Келген автобустар Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ДЕПО-1 аймагына жайгаштырылат. Тиешелүү жол-жоболорду аткаргандан кийин автобустар каттамга чыгат”,-деп берилет маалыматта.

Бул жогорку натыйжалуу транспорт каражаттары экологиялык абалды жакшыртууга карай маанилүү кадам.

Жаңы 12 метрлик автобустар 85 жүргүнчүнү батыра алат, алардын 21и отургуч. Алар ысык күндөрү ыңгайлуу жүрүүнү камсыз кылуу үчүн заманбап кондиционерлер, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ыңгайлуу жетүү үчүн пандустар менен жабдылган. Майыптар коляскасы үчүн атайын орун каралып, бардык жарандар үчүн заманбап стандарттарга жооп берет.

Мэрия туруктуу өнүгүүгө жана экологиялык бакубаттуулукка басым жасоо менен транспорттук инфраструктураны модернизациялоо боюнча жигердүү иштерди улантууда.

Жаңы автобустарды киргизүү булгануунун деңгээлин азайтууга гана жардам бербестен, шаардыктардын жашоо сапатын кыйла жогорулатып, борбор калаанын жашоочулары жана коноктору үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттар түзүлөт.

Автобустарды сатып алуу Германиянын KfW өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.
Жаңы автобустар шаардын экологиялык абалына оң таасирин тийгизип, туруктуу келечекке карай кыймылдын символу болоруна ишенебиз.

405