7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бишкексүт» сезондук чийки сүттүн жетишсиздигинен улам үзгүлтүккө учурады

771

Социалдык тармактарда интернет колдонуучулар сүт базарындагы кризистен улам “Бишкексүт” ААКсына тиешелүү “Веселий Молочник” соода маркасы жабылганын жазышууда. Ал эми колдонуучу Арстанбек Саргалдаевдин айтымында, бир жумадан бери дүкөндөрдө «Веселий Молочник» брендинин товары сатыкта жок. Муну сатуучулар өндүрүштүн жабылышы менен түшүндүрүүдө.

Ал эми «Бишкексүт» ААКсы завод штаттык режимде иштеп жаткандыгын жарыялады.

«Достор, биздин завод штаттык режимде иштеп жатат. Болгону сезондук чийки сүт жетишсиздиги бар, ошондуктан сатуу түйүндөрүнө даяр сүт азыктарын жеткирүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Чийки сүт жетишсиздиги жакынкы күндөрү чечилип, сүйүктүү кардарларыбыз жакшы көргөн сүт азыктарын каалаган убакта каалаган жерде таба алышат деп үмүттөнөбүз», — деп жазылат анда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

772