Быйыл шаарга бир жылдык 1 миллион 700 миң гүл отургузулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Кооз гүлдөгөн бир жылдык өсүмдүктөрдүн негизги артыкчылыгы-жай бою гүлдөп, көздү кубантып, бир мезгил бою шаардын көркүн ачат.
Жазгы жоогазындардын ордун жайкы, түстүү петуниялар, сальвиялар, тагетес, алисум жана башка көптөгөн бир жылдык гүлдөрдун түрлөрү ээлейт. Учурда гүлдөрдү отургузуу Токтогул көчөсү менен кесилишкен Жаш Гвардия бульвары, Жеңиш аянты, «Дене тарбия» сквери, Пушкин көчөсү боюнча Курманжан Датканын эстелигинин жанында жана «Уркуя»скверинин жанында жүргүзүлүүдө.
Гүлзарлар улуттук оймо-чиймелер, жылдыздар, ошондой эле символикалык даталар түрүндөгү ар түрдүү композициялар менен толтурулууда. Гүлзарлардын эскиздерин Бишкек жашыл чарбанын ландшафттык дизайнерлери түзүүдө.