7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мыкты кыргыз боз үйү» сынагына кантип катышса болот?

432

Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалынын алкагында “Мыкты кыргыз боз үйү” сынагы жарыяланат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Сынак Боз үй жасаган улуу муундагы чеберлерден кийинки өсүп келе жаткан муундар үчүн салттуу өнөрчүлүк мектебин калыптандыруу, өнүктүрүү жана сактоо, кол өнөрчүлүктүн казынасын байытуу, элдин күнүмдүк турмушунда унутта калып бара жаткан өнөрчүлүк технологиясын кайра жандандыруу, кол өнөрчүлүктүн сырларын таасын билген уздар менен усталарды кеңири коомчулукка таанытуу максатын көздөйт.

Катышуу шарттары

— Сынакка калктын бардык катмарынын өкүлдөрү катыша алат жана жаш-курагы жана улуту чектелбейт.
— Сынакка ички-сырткы жасалгалары толук бүткөн, элдик нукура технологияны колдонуу менен сын-келбеттүү боз үйлөрдү өз колдору менен жасаган бардык чеберлер катыша алат.
— Буга чейин эпос фествалына катышкан боз үйлөр катыша албайт.

Катышуучулар10-майга чейин билдирме-анкета жөнөтүүсү зарыл. Анкета шилтеме аркылуу тиркелет: https://docs.google.com/…/1GigODlf3qLWZ5txIh3hI…/edit…

— Катышуучуларга сынакка жолдомо алгандыгы тууралуу маалымат уюштуруучулар тарабынан телефон аркылуу маалымдалат.
— Талаптарга ылайык, кабыл алынган боз үйлөр 2023-жылдын 16-майынын экинчи жарымында Ош шаарынын Борбордук аянтында орнотуп, сынактын жыйынтыгы чыккан соң гана чечилүүсү шарт.
— Сынакка катышууга кеткен чыгымдар катышуучулардын өз эсебинен каржыланат.
— Жеңүүчүлөр Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин дипломдору, грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

433