Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга “Гололед” аталышында рейт жүрүп жаткандыгын эскертет.
Кайгуул кызматынан кабарлашкандай, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам жолдор тайгак болуп, 14-мартта Бишкек шаарынын аймагында 19 жол кырсыгы катталып, андан 49 адам жабыркаган.
Кырсыктын негизги себептери — аба ырайынын бузулушу жана жолдун тайгактыгы, ошондой эле айдоочулардын аралыкты сактабай, ылдамдыкты ашырып айдагандыгынан болууда. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында 15-марттан 18-мартка чейин Бишкек шаарынын аймагында “Гололед” аталышында атайын профилактикалык иш-чара өтүп жаткандыгын эскертебиз», — деп айтылат маалыматта.Милициянын кайгуул кызматы жалпы айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сакоо менен айдоочуга жана автоунаага тиешелүү документтер менен жүрүүнү эскертет.