Бүгүн, 29-сентябрда, борбордогу Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУ) аймагында чыгаан илимпоз, академик Кусеин Карасаевдин эстелигинин ачылышы болду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, БМУнун эмгек жамааты жана студенттер катышты. Салтанаттын катышуучулары академиктин эстелигине гүл коюшту.
Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев өз сөзүндө, он жылдай мурун Садыр Жапаров Кусеин Карасаевге эстелик орнотуу зарылдыгын белгилегенин жана бүгүн, Президенттин жеке демилгесинин аркасында эстеликтин ачылышы болгонун өзгөчө белгиледи. Ошондой эле Жапаровдун куттуктоо сөзүн окуп, студенттерге ийгилик каалады.