Бишкекте 6 жаштагы бала 11-кабаттагы терезеден кулап, бир күндөн кийин чарчап калды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, Каралаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө болгон.
28-июнда саат 20:15те “102” кызматына балдар клиникалык ооруканасынан 5 жаштагы И.Ш. аттуу бала баш мээси чайкалып, ар кандай жараат менен реанимация бөлүмүндө жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Анда И.Ш. Каралаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 11-кабатынан кулап түшкөнү аныкталган.
“29-июнда саат 10:45те оор жаракатынан улам И.Ш. реанимация бөлүмүндө жан берди”, — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.