Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Самидин кары Атабаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев кол койду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Азирети Муфтий Бишкек шаардык казыятынын эмгек жамааты менен жолугуп, казыяттын ишмердүүлүгү жоопкерчиликтүү экендигин баса белгилеп, жаңы дайындалган Бишкек шаарынын мусулмандар казысынын ишине ийгилик каалады.
Эскерте кетсек, Самидин кары Атабаев буга чейин Ош облусунун мусулмандар казысы болуп эмгектенип келген.