Борбордук шайлоо комиссиясынын учурдагы курамынын мөөнөтү, 25-июлда соңуна чыгат. Мындан улам БШКнын жаңы курамын түзүү каралууда. Мыйзамга ылайык 6 талапкерди Жогорку Кеңеш, 3 мырза, 3 аялды Президент сунуштайт.
АКИpress басылмасы өздүк булактарына таянып, Президент тарабынан сунушталууда деп, 6 таапкердин тизмесин жарыялады. Алар;
- Шайлдабекова Нуржан Кармабековна
- Наспеков Марс Дамирович
- Дубанбаева Анар Сартбаевна
- Койчукеев Нурлан Чокоевич
- Жумалиева Акбалык Калыевна
- Жупуева Айдана Садыковна.
Бул тизме расмий түрдө эч жерде айтылып, жарыялана элек экендигин эске салабыз.