7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 124 автобус айдоочусу экзамен тапшыра албай калды

500

Бишкек шаарында 124 автобус айдоочусу жол эрежесинен экзамен тапшыра алган жок. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлады.

Автобустардын катышуусунда катталган жол кырсыктарын алдын алуу максатында Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы менен Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти менен биргеликте автобус айдоочуларынан жол эрежеси боюнча шаардык “Унаа” мекемесинде экзамен алышты. Экзаменге 222 айдоочу катышып 98 айдоочу ийгиликтүү тапшырды. Экзаменди тапшыра албаган айдоочулар кайрадан тапшырышат.

Экзамендин жыйынтыгы менен Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери айдоочулар арасында профилактикалык түшүндүрүү иштерин өткөрдү. Жол коопсуздугун камсыз кылуу, жүргүнчүлөрдү ташуудагы жол кырсыктарды болтурбоо, шаар тургундарына сервистик кызмат көргөзүү жана автобус айдоодо мыйзам бузуулардын алдын алуу эскертилди.

501