Бишкектин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 20-сентябрда эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын бокс боюнча чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Республиканын биринчилигинде өлкөнүн бардык аймактарынан келген 130дан ашуун мушкер катышып жатат.
Мелдеш 20 салмак категориясында: эркектер арасында 13 салмак (48, 51, 54, 57,60, 63, 67, 71,75, 80, 86, 92 кг 92 кг жогору) жана кыз-келиндер арасында 7 салмакта (50, 52,54, 60, 63, 66, 75 кг) өтүүдө.
Республикалык чемпионат 24-сентябрда аяктайт.