Чаткалда бүгүн, 21-сентябрда өтүп жаткан элдик жыйында «Жамгыр» кенин иштетип жаткан «Вертекс Голд Компани» ишканасынын калдык сактоочу жайын башка жакка жылдыруу талабын коюлду. Бул тууралуу «7-каналдын» Жалал-Абаддагы аймактык кабарчысы Руслан Калматов жеринен билдирди.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар кен казган компаниянын калдык сактоочу жайы кооптуу делген мөңгү суунунун алдында жайгашып, жаратылышка жана калктын ден соолугуна зыян экенин баса белгилешти.
«Чогулган эл менен президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Апсаттар Сыргабаев, Жаратылыш ресурстар жана энергетика министринин өкүлү жана башка адистер келип жолугушту. Адистер компаниянын калдык сактоочу жайы коопсуз аймакта жайгашып эч кандай зыяны жок экенинин түшүндүрүшүүдө», — дейт ал.
Эске сала кетсек, «Вертекс Голд» 2011-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жамгыр кенин иштетет. Ал кенде 1,5 тонна алтын жана 685 килограмм күмүштүн кору бар экени аныкталган. Ал эми ишкана куруп жаткан калдык сактоочу жай тоо башында, агын суунун жээгинде жайгашкан.