Бишкекте өспүрүм бала 9-кабаттан кулап түшүп, көз жумду. Бул тууралуу Октябрь ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
“18-майда саат 08:10 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Каралаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги 9-кабаттан жаран кулап түшүп, мерт кеткенин билдиришкен. Жерине барган милиция каза болгон жарандын 2008-жылы туулгандыгын аныктаган”,-деп айтылат маалыматта.
Бул факты каттоого алынып, тергөө иштери башталган.