7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 16-17-ноябрда айрым көчөлөр убактылуу жабылат

403

16-17-ноябрда Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт. Буга байланыштуу айрым жол тилкелери убактылуу жабылаарын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Делегациялар өтүүдө төмөнкү жол тилкелери убактылуу жабылат:

— «Манас» аэропортунан Фучик көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисине чейин;

— Жибек-Жолу проспектиси менен Манас проспектисине чейин;

— Манас проспектиси менен Ч.Айтматов көчөсү менен мамлекеттик резиденцияга чейин;

— Медеров көчөсү Байтик Баатыр көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин. Эгерде башка жолдор жабылса, кошумча маалымат берилет.

404