Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун “шпана” деп аталган мүчөсү, мурда соттолгон, 1994-жылы туулган жаран кармалды. Ал УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Маалыматка караганда, 7-ноябрда аталган жаран учурда абакта мөөнөтүн өтөп жаткан, топтун мүчөсү (т.н. члена общака и «смотрящего за шпаной») деп аталган, 1999-жылы туулган Э.М.дин буйрутмасы боюнча А.Э.А. аттуу жаранга чалып жолугушууну талап кылган.
«Жолугушуудан кийин ал уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү менен биргеликте күч колдонуу менен аталган жаранды белгисиз тарапка унаага салып кетишип, ал жерден жогоруда аталган адамдар анын денесине көптөгөн жаракаттарды келтиришкен. Андан соң ар кандай коркутуулар жана физикалык күч колдонуу, ошондой эле тамагына бычак такап андан 8-Түзөтүү мекемесиндеги уюшкан топтун кассасын (общаковской кассы) толтуруу үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча каражат опузалашкан. Ошол эле учурда аны укук коргоо органдарын менен байланышса ага карата физикалык күч колдонобуз деп коркутушкан. Андан соң жогорудагы адамдар аны Эркиндик бульварынын тегерегине жеткизип, жогорудагы талапты аткаруу үчүн мөөнөтүн белгилешкен»,- деп берилет маалыматта.
Учурда УКМК тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, ошондой эле кармалган адамдын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар экендиги аныкталууда.
Учурда тергөө иштери уланууда.