7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 16 млн. долларды түзгөн кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду ачылды

444

Бүгүн, 5-ноябрда Бишкекте кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Экономика жана коммерция министринин орун басары Данияр Амангелдиев, Венгриянын тышкы иштер жана тышкы экономикалык байланыштар министри Перет Сийярто, андан тышкары кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду башкармалыгынын жана кеңешинин өкүлдөрү катышты.

Министр Сийярто белгилегендей, Кыргызстан менен Венгрияны көп кылымдык соода-экономикалык, социалдык жана маданий мамилелер байланыштырып турат, алар ишенимдүү мүнөзгө ээ жана тең укуктуулук жана өз ара кызыкчылыктарды урматтоо духунда системалуу түрдө өнүгүп келет.

Фонд инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн натыйжалуу аянтча болуп саналат. Фонддун баштапкы капиталы 16 млн долларды түзөт, келечекте аны 50 млн долларга жеткирүү пландалууда.

Белгилей кетсек, фонддун директорлор кеңеши 5 адамдан турат: кыргыз тараптан 3 өкүл, венгер тараптан 2 өкүл. Фонддун штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашып, ал үчүн имарат даярдалды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

445