Бишкекте 3 жарандан 22 килограмм баңгизат каражаты табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Эркин-Тоо көчөсүндө “Форд Фокус” автоунаасы токтотулган. Тинтүү жүргүзүү учурунда өзгөчө жыты бар, марихуана баңги каражатына окшогон зат салынган полиэтилен баштык табылган.
Унаанын ичинде олтурган Ж.Н. аттуу жүргүнчүгө тинтүү жүргүзүү учурунда жанындагы өздүк буюмдар салынган баштыкта өзгөчө жыты бар зат табылган.
Ошондой эле И.М. аттуу жарандын жашаган жерине тинтүү жүргүзгөндө үйүнүн жер төлөөсүндө синтетикалык каптын ичинде гашиш баңги каражатына окшош, табигый өстүрүлгөн, кендирдин өзгөчө жыты бар, ачык-күрөң түстөгү күкүм сымал заты салынган 8 полиэтилен баштык табылып алынган. Кармалган жарандын түшүндүрмөсүндө, аталган жүктү ага “Бусу” каймана аттуу киши тапшырган.
Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында Ж.М. аттуу жаран кармалып, алынган баңги каражаттардын жалпы салмагы 22 килограммды түзгөн.
Учурда экспертиза дайындалып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.