Баткен облусундагы Бөжөй айылынын 43 жаштагы мектеп директору бычакталып каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билирди.
Маалыматка ылайык, Бөжөй айылынын тургуну денесинен жараат алып, Кадамжай районунун Айдаркен шаардык ооруканасына кайрылган.
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, жабырлануучу 43 жаштагы Бөжөй айылынын тургуну экенин жана ал курч заттан ичинен, жонунан жараат алганын аныкташкан. Ошондой эле ала мектеп директору болгон.
Бул маалымат Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси (денеге атайын оор залал келтирүү) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Өндүрүш ишинин алкагында бул окуяга шектүү катары Бөжөй айылынын 24 жаштагы Ж.Б. аттуу тургуну аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.