23-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын болуп, бийик тоолуу райондордо өткүн өтөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 10 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;
- Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;
- Ош, Баткен, Жалал-Абад лбустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;
- Нарындын тоо этектеринде түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;
- Бишкекте түнкүсүн 13…15, күндүз 29…31 градус ысык болот;