Улукбек Марипов Кадамжай шаарында убактылуу иш алып барып жаткан Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, аймактын тургундары үчүн тейлөө борборунун иши канчалык маанилүү экендигин эске алуу менен Кадамжай, Исфана жана Кызыл-Кыя шаарларында аталган борборлорду ачуу чечими кабыл алынды.
«Бүгүнкү күндө өлкөбүз өнүгүүнүн туура жолу тандалган этапта турат. Жолдор, каналдар, мектептер жана бала бакчалар курулуп жатат. Ошол эле учурда биз калктын башка муктаждыктарын да эстен чыгарбайбыз. Жалпыңыздарга белгилүү болгондой, Баткен облусунун Баткен шаарында гана жалгыз Калкты тейлөө борбору иш алып барчу. Аймактын тургундары үчүн тейлөө борборунун иши канчалык маанилүү экендигин эске алуу менен Кадамжай, Исфана жана Кызыл-Кыя шаарларында аталган борборлорду ачуу чечими кабыл алынды. Бүгүндөн тарта Кадамжай районунун тургундарына өз аймагында тейлөө көрсөтүлөт», — деди Улукбек Марипов.
Эскерте кетсек, Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, жакын арада Баткен облусунун көрүнүшү өзгөрүшү керек.