Улуттук хирургия борборунда бейтаптын ичинен 1 кг болгон чачтын түймөгү чыкты. Бул тууралуу маалыматты аталган борбордон билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-ноябрда Улуттук хирургия борборуна 33 жаштагы бейтап кайрылып, соңку 3 айдан бери ичи ооруп, тамак ичкенден кийин кусуп жатканын жана арыктап кеткенин айткан.
Медициналык кароодон жана операциядан кийин бейтаптын ичине көп жылдан бери чач топтолуп келгени белгилүү болгон. Топтолгон чачтын салмагы 1 кг болчу.
Чачтардын топтолушуна бейтаптын чачтарын оозуна салып, жута берген жаман адаты себеп болгон.