Бишкекте жаранды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-ноябрда болжол менен саат 02:00дө айдоочу белгисиз автоунаада Осмонкул көчөсү менен бара жатып Эстоний көчөсүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен 51 жаштагы Н.А. аттуу жаран жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Аталган факты боюнча издөө иш-чараларын жүрүп, “Мазда” үлгүсүндөгү унаанын 59 жаштагы Ч.С. аттуу айдоочусун аныктап, ал унааны үйүнө бекитип, үстүн жаап койгондугу аныкталган.
Аны тергөө кызматына жеткиришкен.