Орусиялык блогер Давид Манукян кыргыз жигитине Айфон 13 үлгүсүндөгү уюлдук телефон белек кылды. Бул тууралуу видеону блогер социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.
Маалыматка ылайык, Москва шаарында курьер болуп эмгектенип жүргөн Эламан аттуу жигит Давидге тамак жеткирип келгенде блогер аны үйүнө киргизген.
Кыргыз жигити блогерди көргөнүнө кубанганын жашырган эмес. Ал аниме стилинде сүрөт тартаарын айтып, блогер андан сүрөт тартып берүүсүн суранган. Ал Эламандын талантына баа берип, катталуучуларына анын баракчасына жазылууга чыкырды.
Белгилей кетсек, Орусиялык блогер Дава каймана аты менен белгилүү.