Борбордук шайлоо комиссиясы 10-ноябрдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына №11 Алай округунан талапкер Улан Примовдун үстүнөн түшкөн арызды карап, Улан Примовго жазуу түрүндө эскертүү берди.
Арыз ээлери Примов шайлоо белгиленгенден кийин, сентябрь айында өзүнүн соцтармактардагы баракчасына кайрымдуулук иштерин жарыя кылганы мыйзамсыз деп даттанышкан.
Анда «Примов Жошолу айылынын тургунуна элдин көзүнчө үйдүн ачкычын тапшырганын, айрым үй-бүлөлөргө акча жана кышкы кийимдерди бергени, мугалимдер күнүндө сынакта утуп чыккан окутуучуларга Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо жана башка баалуу белектерди бергени» тууралуу айтылган. Ошондой эле, Мады жана Керме-Тоо айылдарынын ортосундагы мелдештин жеңүүчүлөрүнө чет өлкөгө жолдомо менен автоунаа белек кылганы жазылган.
Отурумда БШК бул арызды 3-ноябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгына жибергени, 4-ноябрда облустук милиция «курамында кылмыш жок» деген негиз менен ишти жаап койгону айтылды.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Шайлоо тууралуу мыйзамдын 24-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган бузуулар талапкердин катталышын жокко чыгарууга негиз берерин белгилеп, бирок боршайком милициянын корутундусун көңүлгө аларын билдирди. Анын айтуусунда Башкы прокуратура үгүт учурунда козголгон иштердин жабылышын текшерүүгө алууда.
Улан Примов Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына КСДП аркылуу шайланып келген. Көмүр кендери жана «Ош пирим» аталышындагы телеканалы бар.