Бүгүн, 11-ноябрда президент Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Стамбул шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын катышуучу-өлкө башчыларынын «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» темасындагы сегизинчи саммитине катышат.
Мындан сырткары, саммит аянтчасында президент Жапаров Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:
— КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
— КРнын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
— КРнын Түркия Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев;
— КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов;
— КРнын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
— КРнын энергетика министри Доскул Бекмурзаев.