Ошто гүл челектен гүлдөрдү үзүп кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал жаран мас абалында Ош шаарынын Монуев көчөсүндөгү жол боюндагы гүлдөрдү жулуп кеткен. 1980-жылы туулган Э.Ш. жаран кармалып, бул иш боюнча көрсөтмөнү төмөнкүчө берген.
«Үйгө көбүрөөк ичип бардым, аялым үйгө киргизбей, эшикке чыгарып салды. Анын көңүлүн алуу үчүн жолдогу гүлдөрдү жулуп үйгө алып бардым. Аялыма бердим. Бирок мен туура эмес иш кылып койдум», — деп билдирген ал.
Жулуп алган гүлдөрдү анын карындашы кайра сатып берип, чыгымдарды төлөп берген.