ИИМ жарандардын арасында коомдук тынчсыздандырууга алып келген жалган маалыматтарды тараткандарды аныктоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына, социалдык тармактарга жана телерадио жыштыгына мониторинг жүргүзүп жатат.
Ошону менен бирге, шайлоо комиссияларына жардам көрсөтүү максатында, жарандардын шайлоо укуктарын натыйжалуу коргоону камсыздоого багытталган шайлоо мыйзамдарын бузулушун алдын алуу жана бөгөт коюу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
29-октябрь үгүттөө иш-чаралары башталгандан тартып шайлоонун жол-жобосун бузган 73 факты катталган.
- 19 факты Жазык кодексинин 192-беренесинде “Шайлоочуларды сатып алуу”, 182-беренесинде “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” жана 200-беренесинде “Уурдоо” көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган.
- 17 факты Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренесинде “Майда бейбаштык”, 87-1-беренесинде “Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу”, 94-беренесинде “Бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу” жана 90-беренесинде “Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо” каралган жоруктардын белгилери менен катталган.
- Мындан тышкары, ИИОнун маалыматтарды каттоо журналына ар кандай 37 материал катталган, анын ичинен 20 номенклатуралык иш көктөмүнө тиркелген, 7 аймактык шайлоо комиссиясына карап чыгууга жөнөтүлгөн, 7 сотко чейинки өндүрүш ишине коштурулган, дагы 3 материал каралууда.
Шайлоого даярданууда жана өткөрүүдө административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактылары Ош шаарында жана Ош облусунда катталган, ал эми Жалал-Абад жана Чүй облустарында ушул сыяктуу фактылар боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Аны менен катар, шайлоочуларды сатып алуу фактысы менен Чүй, Ош, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.
Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, месенджерлердеги, социалдык тармактардагы чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына — 102 телефон номуру аркылуу кабарлоону суранат.