Бишкекте куткаруучулар муздун алдынан жаш баланын сөөгүн алып чыгышты.
ӨКМден билдиришкендей, 30-январь күнү Октябрь районунун С.Каралаев көчөсүндөгү Аламүдүн суусунун, муздун алдына жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 11 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында, 6 жаштагы К.У.К аттуу баланын сөөгүн муздун алдынан алып чыгышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.